«Апиза эне» ислам институтунда окуу жылы жыйынтыкталып, мыктылар сыйланды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы “Апиза эне” ислам институтунда 2022-2023-окуу жылын жыйынтыктоого багытталган саамалык болуп өттү. Күн тартибинде 2022-2023-окуу жылын жыйынтыктоо, мугалимдерди жана студенттерди сыйлоо маселеси каралып, ага аталган окуу жайдын мугалимдери жана студенттери катышты. Жыл жыйынтыктоо Куран окуу менен башталып, бир жыл бою сабактардын жүрүшү, план-программа жана иш-чаралардын аткарылышы, экзамен, зачёттордун жыйынтыктары, студенттердин окуудагы жетишкендиктери жана кемчиликтери, жатакана тартиби, жүрүм-турумдары ж.б. маселелер жыйындын катышуучуларына маалымат катары берилди. Аталган иш-чарага чакырылган коноктор институттагы окуу процесси жана жүргүзүлгөн ишмердүүлүктү “эң жакшы” деп баалашты.

Жыйындын жүрүшүндө ректор Абдирашит ажы Батыров студенттерге кайрылып, илим-билимдин пайдалары тууралуу нускалуу сөздөрдү айтып, эс алуу учурунда алган билимдерин унутпай кайталап, бир жыл бою алган тарбиясын иш жүзүндө ашыруу керектигин баса белгилеп, ата-энеге жакшы кызмат кылууларын буйруду.

Сыйлоо аземинде 2022-2023-окуу жылында сабак берүүдө өзүнүн активдүүлүгүн, өзгөчөлүгүн көрсөткөн мугалимдер “Апиза эне” ислам институтунун “Ыраазычылык баракчасы”, “Алкыш баракчасы” жана  “Жылдын мыкты мугалими” номинациясы менен сыйланышты.
Ал эми 2022-2023-окуу жылында окууда мыкты жетишкендиктерге жетишип, өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн студенттер, мыкты жүрүш-турушка ээ болгон студенттер, ошондой эле “Апиза эне” ислам институтунун ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө жана өнүктүрүүдө кошкон зор салымы үчүн бир топ студенттер сыйланышты.

Жатакананын бөлмөлөрү боюнча №7 бөлмөгө “Мыкты бөлмө – 2023” номинациясы берилсе, “Жылдын мыкты студенти – 2023” номинациясы 1 студентке ыйгарылды. Ошондой эле “Жылдын мыкты азанчысы – 2023”, “Жылдын мыкты спортчусу – 2023”, “Жылдын мыкты тайпа лидери – 2023” номинациялары да татыктуу студенттерге ыйгарылды.