Меккеде кыргызстандык ажылар үчүн коюлган автобустар 24 саат бою кызмат көрсөтүүдө

2023-жылдагы ажылык учурунда атайын жалданган автобустар кыргызстандык ажыларга 24 саат бою кызмат көрсөтүүдө. КР желеги чапталып, атайын номурлар коюлган автобустар ажыларды мейманканалардан Харам мечитине үзгүлтүксүз ташууда. Бул тууралуу штаб мүчөсү Абдуваси ажы Матраимов жеринен кабарлады.

«Ажыларыбыз багымдат болобу, шам болобу, куптан болобу, кайсы маал болбосун, биздин автобустар менен Каабатуллага бара алат. Буга чейин биздин жарандар жөө-жалаңдап же таксилер менен барган учурлар болгон. Азыр кудайга шүгүр, үзгүлтүккө учуроо сыяктуу көйгөйлөр жок. Автобустарыбыз ажыларды 7/24 саат бою тейлейт. Ажылыкты уюштуруу штабынын өкүлдөрү нөөмөт менен графиктерди көзөмөлдөп жатабыз», – деп билдирди ал.

Абдуваси ажынын айтымында, штаб тарабынан коюлган автобустар умрага баргандарды да, Кыргызстандан келген мекендештерди да тейлемекчи.