Ажылыктын көчмө штабы кезектеги жыйынын өткөрүп, жаңыдан баргандарды талаптар менен тааныштырды

Ажылыкты уюштуруу көчмө штабынын өкүлдөрү Меккеде ажы башчыларга кезектеги жыйынын өткөрүп, бир катар маселелерди талкуулады. Бул тууралуу КМДБнын маалымат бөлүмүнүн адиси Марат Кадыкеев жеринде билдирди. Адистин айтымында, автобустардын графигин көзөмөлдөө, ажыларды Харамга багыттоо жана тосуп алуу, жаңы келген ажы башчыларга САП тарабынан бекитилген эреже-тартиптерин тааныштыруу сыяктуу маселелер талкууланды.

Белгилей кетсек, аталган жыйында курмандык боюнча да сөз болуп, быйылкы өзгөчөлүктөр жана шарттар тууралуу маалымат берилди.