Икрам ажы Ырысбаев: “Бүгүн келечек муун үчүн кызмат кылсак, урпактарыбыз эркиндикте өмүр сүрөт”

Чүй облусунун Сокулук, Кемин, Ысык-Ата райондорунда жана Токмок шаарында жалпы имамдардын кезектеги чогулуштары болуп өтүп, жыйында:

— этностор аралык ынтымакты бекемдөө;

— Курман айтка даярдыктарды көрүү;

— Имамдардын бир айлда жасаган иш-аракеттеринен отчёт алуу,

— Нике журналдарын толтурууда каталарга жол бербөө,

— Эсептик каттоодон өткөрүү алкагында мечиттердин иш кагаздарын бүткөрүүнү тездетүү тапшырмалары берилди.

“Убакыт зымырап учкан куштай” демекчи, убакытты туура пайдалануу эң зарыл. Бүгүн биз келечек муун үчүн кызмат кылууга аракет кылсак, келечектеги уул-кыздарыбыз эркиндикте, эгемендикте өмүр сүрөт. Алла Таала өлкөбүзгө жакшылыгын берип, эркиндик, эгемендүүлүгүбүз түбөлүк болсун”, – деп белгиледи Сокулук районунун баш имам-хатиби Икрам ажы Ырысбаев.

Белгилей кетсек, учурда Чүй облусунун бардык аймактарында мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүү иштери ырааттуу жолго коюлуп, бул жараянды Чүй облусунун казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков өз көзөмөлүнө алып, каттоо иштери кызуу жүрүп жатат.