Ажылардын акыркы тобу Ыйык Мекке шаарына учуп кетти

Бүгүн, 21-июнь күнү «Ош» эл аралык аэропортунан ажылыкка аттанган акыркы топ Мекке шаарына учуп кетти. Бул рейсте Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары, ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын төрагасы Самидин кары Атабаев, ажы-умра жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган убактылуу шатабдын кызматкерлери жана 60 ажы учуп кетти.

Ажыларды узатууга Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев жана Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов катышып, ажыларга ак жол тилешти.

«Быйылкы ажылык сапарына аттануучулардын баарын Алланын жардамы менен ийгиликтүү узаттык. Кыргызстан боюнча жалпы 37 учактын учуусу күтүлгөн, мына бүгүн 37-учакты учуруу алдында турабыз. Буюрса, ушул учак менен жыйынтыкталат. Буга чейинки ажыларыбыз Медина шаарларына барышкан болчу, алар да бүгүндөн баштап ыйык Мекке шаарында болушат. Алардын баарын биздин алдын ала барган көчмө штаттын кызматкерлери тосуп алып, мейманканаларга жайгаштырууда», – деп билдирди быйылкы ажылыктын уюштуруу иштери боюнча УРШ төрагасы Самидин кары Атабаев.

Ажылык амалдарынын сооптору турасында сөз сүйлөп, ажыларга ак жол, амандык тилеген Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев: 

“Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бир хадисинде ажыга барган кишиге күнөөсүнөн тазалануусу үчүн үч нерсени шарт кылган. Алар: “Ким Алланын ыраазылыгы үчүн ажылык кылса, ошол учурларда жаман, уят сөз сүйлөбөсө, сөгүнбөсө, күнөө иш жасабаса, ал киши энеси төрөгөн күндөгүдөй күнөөдөн таза болуп үйүнө кайтат” деп айткан. Кудай Тааладан тилээрибиз, быйылкы ажыларыбыз аман барып, эсен келсин. Хадистен маалым болгондой, күнөөлөрү төгүлгөн абалда кайтышсын. Ошондой эле ажыларыбыздан суранабыз, ыйык жерге барганда элибиз, жерибиз жана мамлекетибиз үчүн жакшылыктарды тилеп, дуба кылышса”, – деди өз сөзүндө.