Меккеде зыяратчыларды тейлөө системасында координациянын жана интеграциянын ролу боюнча форум өтүп, ага УРШ мүчөлөрү катышты

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдындагы ажылыкты уюштуруу көчмө штабынын өкүлдөрү Сауд Араб Падышачылыгынын Мекке шаарында САПтын Ажылык жана умра министрлиги тарабынан өткөрүлгөн зыяратчыларды тейлөө системасында координациянын жана интеграциянын ролу боюнча форумгакатышты.

Форумда быйылкы ажылык боюнча кабыл алынган жаңы эреже, тартиптер, шарттар жана талаптар, адал азык-түлүк маселеси, ашкере ысык аба-ырайында тамак-аш коопсуздугу, САП мыйзамдарын сактоо, автобустардын линиялары жана графиктери, коммуникация, тейлөө боюнча маалыматтар айтылып, нускамалар берилди.

Белгилей кетсек, аталган форумга САПтын Ажылык жана умра министрлигинин жетекчилиги, Мекке жана Медина шаарларынын мэрлери, Харам жана Масжидун-Набавий мечитинин имамдары, Сауд Арабиядагы элчилер, ар кайсы өлкөлөрдүн диний министрлик жана башкармалыктарынан өкүлдөр, САПтын укук коргоо жана өрт коопсуздугу кызматкерлери катышты.