Жалал-Абад казыятында дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлүп, Курман айт боюнча тапшырмалар берилди

Жалал-Абад облустук мусулмандарынын казыятында облус казысы Нематулла ажы Жээнбековдун катышуусунда жыйын өттү. Жыйынга казыяттын мечит жана чарба иштери боюнча адиси Арпидин ажы Жороев, Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов жана шаардагы жума мечиттердин имамдары катышты. Анда облус казысы жыйындын катышуучуларын алдыда боло турчу Курман айтмайрамы менен куттуктап,

«Курман айт мусулмандар үчүн маанилүү майрам. Бул күндү татыктуу, тынч өткөрүп алалы. Баарыңыздарга белгилүү болгондой, айт намаздын убактысы таңкы саат 7:30 га белгиленген. Уюштуруу иштери шаардын баш имам-хатиби Жунус ажыга жүктөлгөн. Бирок ар бирибиз жакындан жардам берип, эмне кызмат болсо кол кабыш кылып жардам берели. Эң негизгиси бул күндү ынтымакта, биримдикте өткөрөлү», – деп билдирди.