Азирети Муфтий баштаган делегация шейх доктор Абдул-Латиф Мухаммад Балту менен жолугушту

КР ДИМК директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаев Мекке шаарындагы мейманканалар боюнча жооптуу жетекчилердин бири, шейх доктор Абдул-Латиф Мухаммад Балту менен жолугушту. Жолугушууда кыргыз тарап ажыларды жогорку деңгээлдеги кабыл алганы үчүн доктор Мухаммад Балтуга ыраазычылык билдирип, Кыргызстан мусулмандарынын саламын жеткирди.