Азирети Муфтий Меккеде кыргызстандык ажылар менен жолугуп, насааттарын айтты

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Мекке шаарында ыйык зыяратка барган кыргызстандык ажылардан кабар алды. Ажылар менен жолугушууга КР ДИМК директору Тойгонбай Абдыкаров, Азирети Муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаев катышып, САП тарабынан кабылган эреже-талаптар, өзгөртүлгөн жана жаңыртылган айрым шарттар боюнча маалымат беришти.

«Ажылык – бул машакат. Ажылыкты ойноп-күлүп, жыргап эс ала турган туризм же кызыктуу сапарга чаташтырбашыбыз керек. Биз бул жерге исламдын бешинчи парзын аткарууга, ал аркылуу Алланын ыраазычылыгын табууга келдик. Азыр ыйык айда ыйык жерлерде турабыз. Мында эли-журтубуз, мамлекетибиз, Мекенибиз үчүн тынымсыз дуба кылалы. Бул жайлардагы ар бир мүнөт алтындан баалуу. Ошондуктан убакытты текке кетирбейли. Мына көрүп жатасыздар, шарттар барган сайын жакшырууда. Ибадат менен, Куран менен, дуба менен таң атырып, күн батыралы. Ушул куттуу ажылык жашообуздагы чоң бурулуш болуп, калган өмүрүбүздү ислам талабындагыдай өткөрөлү», – деди Азирети Муфтий өз сөзүндө.    

Ал эми Тойгонбай Абдыкаров кыргызстандык ажыларга президенттин дубай саламын жеткирсе, Асан ажы Сыргабаев зыяратчыларды сабырдуулукка, тартипке, ошондой эле ажы башчыга итаат кылууга чакырып, ажылык момундарды тарбиялай турган улуу мектеп экенин билдирди.