Жакшы аял бейиштин ачкычы (блок)

Илюстрациялык сүрөт

«Эң жакшы аял – жөнөкөй, карапайым, ийкемдүү, сылык, уяттуу, илбериңки, элпек, мээрман, ак көңүл, жакшы саналуу, назик, жумшак мүнөз, боорукер, ак пейил, милайым, сарамжал, тартиптүү, иреттүү, таза, мээнеткеч, эмгекчил, сырдаш, маектеш, күнөө кылбаган, арам жолго баспаган, адамгерчиликтүү, тарбиялуу, түшүнүктүү, сабырдуу, сөз көтөрүмдүү, чарбакер, чынчыл, ишеничтүү, баамчыл, зирек, жайдары, ачык маанай, маңдайы жарык, кечиримдүү, камкор, үнөмчүл, оокатка бүйрө, үйдө ыңгайлуулукту түзүүчү, балдарын жакшы көргөн, тартиптүү, бекем, бар нерсеге шүгүр кылуучу, сылык-сыпаа, үй-бүлөгө камкор, жоош момун жар» деп айтсак сиздин оюуңузга биринчи эле эмне келет?

Албетте, «мындай аялдын өзү жок, эгер болсо ойлонбой үйлөнмөкмүн», – деп жооп бермексиз. Туура, сиз ойлогондой бул сыппаттын баары бир аялда болушу мүмкүн эмес. Кемчиликсиз адам, тикенексиз роза гүл болбойт.

А сиз өзүңүзгө «менин ушундай аялым болушу үчүн ага татыктуумунбу?» деп суроо берип көрдүңүзбү?

Жигиттердин көпчлүгү эмне деп коёт? «Апасы өппөгөн, таптаза, ыймандуу кызга үйлөнөм»!

Сен өзүңө карап көрдүңбү?! Бул жашоонун да таразасы бар, ким кандай болсо өзүнө жараша насибин алат.

А эгер сен үзүлбөгөн, тепселбеген гүлдү алгың келсе, атасынын короосунда көгөргөн, үзүлбөгөн, эч соолубаган гүлдүн ээси болом десең, биринчи өзүң атасынын короосунда ыйманга сугарылган дыйкан болушуң керек.

Ошон үчүн кадамды өзүңдөн башта. Аллах Таалам эркек аялды бири-бири үчүн кийими сыяктуу жараткан соң, өмүрүңдүн түбөлүк бакыт эшиктерин ачуу үчүн өзүң бейиштин кулпусу болгун, жакшы аял аны ачкан ачкыч болсун. Анткени башка жакшы амалдар бейишке ачкыч болгон сыяктуу, жакшы аял да бейишке ачкыч, жолдомо, түбөлүк бактылуулуктун очогун өчүрбөгөн нур, үй-бүлөгө береке, кут алып келип Жараткандын мээримине бөлөнтөт!

Үйлөнмөкчү болгондор биринчиден акылдуу, таза жана диндар аялды ыктыяр кылуулары керек. Себеби такыба жана жакшы амалдарды кылуучу аял дүйнөнүн эң артык байлыктарынан бири. Чындыгында, эркек киши мына ушундай аялдын себебинен шыпыруу, бышыруу, бычуу-тигүү сыяктуу иштерден арылып, илим алууга, ибадат менен алек болууга убакыт табат. Ушул тараптан салиха (жакшы амалдарды кылуучу), жакшы мүнөздүү аял диний жана дүйнө иштеринде жардамчы болот.

Риваятта келгендей, Азирети Муса алайхи саламдын коому болгон Бани Исраилден бир киши: «Жүз киши менен кеңешмейинче үйлөнбөймүн” деп убада кылат. Токсон тогуз киши менен кеңешет да: “Эртең таңда жолумда учураган биринчи кишинин кеңешине амал кыламын” дейт. Эртеси биринчиден болуп жолуккан киши камышты ат кылып минип алган бир дубана эле. Бул нерседен жанагы киши өтө капа болот. Бирок түндө берген убадасына туруп, ал дубанадан кеңеш сурамакчы болуп, ага жакын келет. Дубана болсо минип алган камыш атына колун жаңсап: “Жаныма жакындаба, атым тебет”, – деп кетүүгө ашыгат.

Бул киши: “Атыңды токтот, мага сенин кеңешиң зарыл, мен үйлөнмөкчүмүн”, – дейт.

Дубана бир аз ойлонуп туруп: “Билгин, аялдар үч түрдүү болот: Биринчиси сенин пайдаңа, экинчиси сенин зыяныңа, үчүнчүсү болсо сенин пайдаңа же зыяныңа”, – дейт да атынын башын буруп кете бермекчи болот. Ал дубананы токтотуп:

“Айткандарыңды мага чечмелеп бер”, – дейт. Дубана ага мындай жооп кайтарат:

Биринчи түрү – бул бакира кыз (жубан эмес). Себеби никеден соң анын жүрөгү жана мээрим-махабаты артып, сага гана байланат. Анткени ал сенден башка менен үлпөт жана жакындык кылбаган.

Экинчиси, балалуу жесир аял. Ал сенин малыңды жейт, бирок мурдагы күйөөсү үчүн көз жашын төгөт.

Үчүнчүсү, т.а. «пайдаңа же зыяныңа» дегеним, бул мурдагы күйөөсүнөн перзенти болбогон жубан. Эгерде сен мурдагы күйөөсүнөн жакшыраак болсоң, сени дос тутат, кокус жаманыраак болсоң, анда сага душман болушу мүмкүн”. Дубананын жообуна айран-таң калган ал киши минтип сураптыр:

“Сөздөрүң хикматтуу (мааниси терең), бирок эмне үчүн кылгандарың дубана пейил?”

Дубана минтип жооп берет:

“Эй бурадар! Мени ары жоопкерчиликтүү, ары акыретте жообу катуу жана оор болгон казылык мансабына дайындашмакчы эле. Мен бул оор жоопкерчиликти кабыл кылбоо максатында өзүмдү дубаналыкка салдым жана андан кутулдум”.

Даанышмандар айтышкан: Үйлөнүүчүнүн болочоктогу келинчеги өзүнөн төрт нерседе: жашта, турпатта,байлыкта, мансапта жана этибарда төмөн болгону оң…

Ал эми төрт нерседе өзүнөн жогору болгону жакшы. Алар: чырайда, адепте, мүнөздө жана такыбалыкта…

Сөзүбүздүн аягында эмне демекчибиз, бактылуу үй-бүлө куруу үчүн аялбы, эркекпи, жар тандоодон жаңылбаш үчүн өзүң да тандоодогу инсан болушуң керек…  

✍🏻Насиба Абдуллаева, Баткен облустук казыяты