КРнын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси ажылардан кабар алды

Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Мекке шаарында зыяратын өтөп жүргөн кыргызстандык ажылар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга КР ДИМК директору Тойгонбай Абдыкаров, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев, быйылкы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы, Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев баштаган штаб кызматкерлери жана ажы башчылар катышты. Жыйын тууралуу КМДБнын маалымат бөлүмүнүн адиси Марат Кадыкеев жеринде кабарлады.

Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси ажылардын абалын сурап, расмий эр-Рияддын Кыргызстан калкы жөнүндөгү жылуу көз карашы, быйылкы ажылыктагы өзгөчөлүктөр тууралуу токтолду.

«Ажылыгыңыздар кабыл болсун, урматтуу мекендештер! Өзүңүздөр күбө болгондой, быйыл өзгөрүүлөр чоң. САПтын ажылык министрлиги да бардык шарттарды түзүүгө аракет жасалганын айтты. Кечээ Медина шаарынын амири менен жолукканымда ал принц кыргызстандык ажылардын тартиптүү экенин айтып, ыраазычылык билдирди. Бул жактагы расмияттын Кыргызстан элине көз карашы түз. Өткөн жылы Меккеде өткөрүлгөн бүткүл дүйнөлүк Куран жарышта кыргызстандык кары баш байгени жеңип, биздин өлкө тууралуу дагы бир жолу жакшы элес калтырган болчу», – деп билдирди.

Азирети Муфтий атайын убакыт бөлүп, ажылардан кабар алганы үчүн Элчиге ыраазычылык билдирип, анын иштерине ийгиликтерди каалап өттү.

Ажылар менен жолугушууда ажыга келүү бактысы баарына эле насип болбошун айткан Азирети Муфтий быйылкы жылдагы жандуу кезек, каттоо боюнча учкай маалымат берди.

«Кадырлуу ажыкелер! Сиздерди Жараткан Алла Таала 7 миллион калкыбыздын ичинен тандап туруп чакырды. Бул жерге келүү канча деген байларга, мүмкүнчүлүгү барларга насип болгон жок. Мына-мына келем деп жатып кайтыш болуп кеткендер, кырсыктап калып келбей калгандар болду. Жалпыңыздарга маалым болгондой, ажылыкка каттоо жараяны адилеттүү жүргүзүлдү. Өлкө боюнча жандуу кезек уюштурдук. Керек болсо РСК банкка төлөм төгүүдө 1 саат кечиккен менин жакын туугандарым да келе албай калды. Демек, бул жерге Жараткан тарабынан тандалган гана бактылуу кишилер келди. Эми ушунун кадыр-баркын билип, зыяртты талаптагыдай орундатууга аракет кылалы».