Азирети Муфтий жана УРШ төрагасы ажы башчыларга жыйын өткөрүп, курмандык боюнча талаптарды тааныштырды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев жана 2023-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Самидин кары Атабаев Меккеде ажыбашчыларга жалпы жыйын өткөрүштү. Жыйында ажылык ибадатына жана ажыларга кызмат кылуунун пазилеттери, аманатчыл, адилеттүү, чынчыл тейлөө тууралуу айтылып, штабга баш ийүү эскертилди. Ошондой эле шарият эрежелерине, САП мыйзамдарына жана талаптарына, ошондой эле ажылыкты уюштуруу штабына баш ийбеген дин кызматкерлерине чара көрүлөрү кошумчаланды.  

Жыйналышта курмандык боюнча да кеңири сөз болуп, быйылкы жылы САП тарабынан кемчиликсиз, семиз, ири, көзгө толумдуу малдар гана базарга чыгарылганы айтылды.