Мина, Арафат жана Муздалифага көчүү жана зыярат эрежелери боюнча ажы башчыларга жыйын өткөрүлдү

Мекке шаарында кыргызстандык ажы башчыларга Мина өрөөнү, Арафат тоосу жана Муздалифа аймагына баруу, зыярат кылуу эрежелери боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйында быйылкы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы, Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев жогоруда аталган аймактардагы аткарыла турган диний ибадаттардын жол-жоболору боюнча учкай маалымат берди. Бул тууралуу КМДБнын маалымат бөлүмүнүн адиси Марат Кадыкеев жеринде кабарлады.

Кадыкеевдин маалымдашынча, жыйында Меккеден Минага көчүү тартиби, көчүрүү үчүн келген автобустардын саны жана каттоо убактылары, ажыларды тосуп алуу жана узатуу боюнча штаб мүчөлөрүн бөлүштүрүү, шайтанга таш ыргытууга баруу графиктери боюнча маселелер каралды.

«Ар бир штаб мүчөсүнө жатаканалар бөлүнүп берилди жана жооптуулар дайындалды. Ажы башчыларга тартипти сактап, ажылардын коопсуздугуна жана ибадатына бекем көңүл буруу жүктөлдү. Минадагы чатырлардагы орундарга жана тартип, тазалыгына көңүл буруу керектигине басым жасалды. Быйыл Мина, Арафаттагы тартиптер алмашып, жылдагыдан бир аз өзгөчөлөнүшү күтүлүүдө. Ошондуктан көчмө штаб жетекчилиги берилген тапшырмаларды так аткарууну буйруду. Дагы бир өзгөчөлүк, ар бир ажыга электрондук карточка берилди», – деп билдирди штабдын пресс-катчысы Марат Кадыкеев.