Көчмө штаб Мина, Муздалифа жана Арафатта ажыларга түзүлгөн шарттар менен таанышты

Мина өрөөнү

2023-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча штаб өкүлдөрү САПтагы Мина өрөөнүнө келип, ажылар үчүн түзүлгөн шарттар менен жеринде кабар алды. Түзүлгөн шарттар жана быйылкы өзгөчөлүктөрдү белгилеген штаб төрагасы, Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев төмөнкүлөрдү билдирди.

«Мина өрөөнүндөгү кыргызстандык ажыларга бөлүнгөн чатырларды көрүү үчүн алдын ала келдик. Чындыгында мында аябай жакшы шарт түзүлүптүр. Жылда мындай матрас, шейшеп, жаздыктар берилчү эмес. 6110 адамга ылайык орун даяр. Кондиционерлер иштеп жатат. Ажыларыбызга түзгөн шарттары үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз».

Штаб өкүлдөрү Минадан сырткары Арафат тоосу жана Муздалифа өрөөнүнө да барып, бул жерлердеги шарттар менен да таанышуусун улантууда.