Ажылыкты уюштуруу штабынын өкүлдөрү курмандык чалынчу жайдан кабар алды

Быйылкы ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабынын өкүлдөрү Минада курмандык чалынчу жайды текшерип, койлорду көзөмөлдөн өткөрдү. Бул боюнча штабдын өкүлү, БТК төрагасы Бакыт ажы Нурдинов жеринде кабарлап, быйылкы жылдагы курмандыктагы өзгөчөлүктөргө токтолду:

«Былтыр 2766 кой алынса, анын 1750 си муфтияттын көзөмөлү астында союлган. Ошол кезде породасы анча эмес, чабалыраак 120 долларлык койлор тандалып калгандыктан, быйыл бул жаатка да өзгөчөлүк киргизилди. Былтыркы койлор бул жердеги климатка адаптация болбогондуктан, 7 күн багуу учурунда 43 кой өлүп калган. Өлгөн койлор муфтият тарабынан калыбына келтирилген. Ибадаттагы жоопкерчилик, ачык-айкындуулук, аманатчыл, адилеттүү иш алып баруу, курмандыкты координациялоо, системалаштыруу үчүн быйылкы жылы курмандыкты уюштурууну муфтият толук өз жоопкерчилигине алат деген чечим чыккан. Ошол чечимге ылайык, бардык ажынын коюн бул жактагы фирмалардын бири менен келишим түзүп, сатып алганбыз. Коммиссия базар баасын дыкат аныктап, курмандыкка жарамдуу 200 долларлык «Барбари» породасындагы койлорду союу чечимин кабыл алган».

Төраганын айтымында, койлор дүң баада 160 АКШ долларына сатылып алынса, 40 АКШ доллары жеткирүү, касапчы акысы ж.б. кызматтарга каралган.