Самидин кары Атабаев Меккеде Казакстан муфтияты тарабынан өткөрүлгөн эл аралык конференцияга катышты

Кечээ, 24-июнь күнү Мекке шаарында Казакстан мусулмандарынын Дин башкармасынын Баш Муфтийинин демилгеси менен ажылыкка багытталган эл аралык конференция өткөрүлдү.

Конференцияга Казакстан Республикасынын Сауд Арабия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Берик Арын, Казакстан мусулмандарынын Дин башкармасынын Баш Муфтийи Ноорузбай ажы Таган уулу, Түркия Дин иштери башкармалыгынын (министрлигинин) башчысы, проф., док. Али Эрбаш, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев, Өзбекстан мусулмандарынын башкармалыгынын жетекчи орун басары Жалалоддин Хамрокулов, САПтын Ажылык-умра министрлигинен өкүлдөр, дин кызматкерлери жана 250 гө чукул казакстандыктар катышты.

Кереметтүү Куран окуу менен башталган иш-чарада Казакстандын Баш Муфтийи атайын баяндама жасап, ажылыктын бир жылда бир аткырлчу улуу ибадат экенин, улуу парздын шарапаты менен момун-мусулмандар төгөрөктүн төрт бурчунан Мекке менен Мединага агыларын, «ырасында момундар бир тууган» экенин айтып, жалпы ислам үммөтүнө биримдик, дүйнөгө тынчтык тилеп дуба кылды.

Саамалыкка ардактуу конок катары чакырылган Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев ажылыктын пазилеттери, бири-бирине дуба кылуу жана Арафат дубасынын артыкчылыктары боюнча баяндама жасоо менен коңшулаш өлкөнүн мусулмандар диний башкармалыгынын жетекчисине ыраазычылык билдирди.

Фото: www.muftyat.kz