Кыргызстан Ислам Университенин студенттик кеңеши кайрымдуулук жарманкесинен чогулган акча каражаттарды карылар үйүнө, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге тапшырат

Кечээ, 16-ноябрь жума күнү Кыргызстан Ислам Университенин студенттик кеңеш тарабынан кайрымдуулук тамак-аш жарманкеси уюштурлду.Кайрымдуулук жарманкесинин алкагында Кыргызстан Ислам Университетинин балдар жана кыздар тобунун студенттик кеңешинин курамындагы активисттер өз кызматтарын көрсөтүшүп, чогулган акча каражатын карылар үйүнө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жеткирип беришмекчи.

«Ваки ибн ал-Жаррахтын (ө.ж.197/812) айтуусуна караганда Имам Абу Ханифа (рахимахуллаху таала) кара кылды как жарган тактыкка ээ инсан эле. Болбогон нерсеге касам ичмек тургай, туура нерсеге касам ичкен кезде да бир динар өлчөмүндө садака бергенге өзүнө-өзү убада кылган. Үй-бүлөсүнүн муктаждыгы үчүн канча акча иштетсе, ошондой өлчөмдөгү акчаны башка муктаж адамдарга кайыр-садака кылып таратчу. Өзүнө жаңы кийим алса, кошумча дагы бир сыйра кийим алып, улгайган адамдар менен аалымдарга белекке берчү. Сый үчүн алдына тамак коюлса, дароо анын наркындагы акчаны жарды-жакырларга садакага берчү,-деди КИУнун студенттик кеңешинен.