Ошто дин өкүлдөрү менен ЖКККБ кызматкерлери бүткүл дүйнөлүк жол кырсыктарынан каза болгон жарандарды эскерүү күнүнө карата айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Бүгүн, 17-ноябрь күнү Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылында Бишкек-Ош трассасынын 5 чакырымында Ош облусунун мусулмандар казыяты жана Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы биргеликте  уюштурган «19-ноябрь бүткүл дүйнөлүк жол унаа кырсыктарынан каза болгон жарандарды эскерүү» күнүнө карата атайын иш чара болуп  өттү.

Иш чара жол кырсыгынан каза болгон жарандарга Куран окуу менен башталып, ага Ош облусунун мусулмандар казысынын жардамчысы Раушан кары Жеңишбеков,  Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Зикиров Айжигит Сагынбаевич, Кара-Суу районунун аймагынан келген мечит имамдары, жергиликтүү айыл аксакалдары, казыят кызматкерлери, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери, жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү болгон мектеп окуучулары жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Иш чара алкагында Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы жалпы облуста катталган жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча жүрүп жаткан иштерге токтолуп, бөөдө кырсыктардын алдын алуу жана түшүндүрүү иштеринде аксакалдардын жана мечит имамдарынын орду өзгөчө экендигин белгиледи. Ал эми облус казысынын жардамчысы Раушан кары Жеңишбеков “Адам жаны аманат” темасында баяндама жасап, буга чейинки ЖКККБ кызматкерлери менен дин кызматкерлери биргеликте жол кырсыктарынын алдын алууда багытында жүрүп жаткан иштер такай улантылаарын билдирип, жалпы мечит имамдарынан бул багытта эл топтолгон жерлерде жана жума күндөрү мечитке келген жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү милдеттендирди.

Расмий статистика көрсөткөндөй дүйнө жүзү боюнча жылына жол кырсыктарынын кесепетинен 1 миллион 250 миң адам каза болот. Бул аябагандай өкүнүчтүү көрсөткүч. Ошол себептен улам, бүткүл дүйнө мамлекеттери 16-ноябрдан 19-ноябрга чейин жол кырсыктарынан каза болгондорду эскерип келет. Буга байланыштуу биздин башкармалык дагы Бишкек-Ош жолунун 662 чакырымында тактап айтканда Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылында «19-ноябрь бүткүл дүйнөлүк жол унаа кырсыктарынан каза болгон жарандарды эскерүү күнүн» белгилеп олтурабыз. Негизги максатыбыз жалпы эле жол кырсыктарын алдын алуу жана жолдо жүрүүнүн эрежесин сактоо боюнча айдоочулар арасында жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жеткилкитүү жүргүзүү болуп эсептелет,-деди Ош облустук ЖКККБнын басма сөз катчысы Алтынбек Теңизбаев.

Муну менен катар Ош облустук ЖКККБнын басма сөз катчысы буга чейин казыят жана дин кызматкерлери менен тыгыз байланышта иштеп, “Адам жаны аманат” аттуу акцияны өткөрүп келе жаткандыгын, ошондой эле жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн облустук сынагында жеңүүчүлөрү болгон окуучулар менен биргеликте айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө атайын жол эрежесинин тартиби боюнча баракчаларды таратылып жаткандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, жыл башынан бери Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругуна ылайык  Ош облусунун аймагындагы 900гө жакын дин кызматкерлери жер-жерлерде жана автобекеттерде айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, Муфтият тарабынан даярдалган баракча жана Азирети Муфтийдин “Адамдын жаны аманат” экендиги боюнча айтылган аудиодисктерин таратышып келе жатышат.