Эртен, 19-ноябрда Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитте Пайгамбарыбыз (САВ) өмүр таржымалы боюнча иш чара өткөрүлөт

Эртен, 19-ноябрда Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитте шам намазынан куптан намазына чейин (17:37-19:15) Пайгамбарыбыз (САВ) өмүр таржымалы боюнча иш чара өткөрүлөт.

Саамалыкты Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен Түркия мамлекетинин Диянет башкармалыгы уюштуруп, анын алкагында Пайгамбарыбыз (САВ) өмүр таржымалы, баскан жолу жана үммөт үчүн калтырган насааты айтылмакчы. Ал эми иш чаранын соңунда жалпы саамалыктын катышуучуларына сый тамак берилмекчи.