Талас районунун Кырк-Казык айылынын тургуну кичи мекенине заманбап мечит салып берди

Талас районунун Кырк-Казык айылынын кулуну  Курманалиев Дамирдин өз айылына мечит куруп, ага  Пайгамбарыбыздын (С.А.В) ысымы ыйгарды. Аталган мечиттин ачылыш салтанатына  Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев, облус казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков, Медер ажы Сагынбаев,  жергиликтүү бийлик жетекчилери жана айыл тургундары катышты.
Саамалык Жараткан Алла  Тааланын сөзү болгон Куран окуу менен башталып, андан соң Талас облусунун мусулмандар казысы  айыл тургундарын жаңы, бардык шарттары менен курулуп бүткөн мечиттин ачылышы менен куттуктап, намаз окуунун жакшылыктары тууралуу баяндасасын жасады.

Мечит тынчтыктын очогу, тарбиянын башаты жана адеп-ахлактын ордосу. Мечитке келген инсан руханий жактан оңолууга, ыймандуу болууга умтулуулары керек. Мечит Алла Тааланын үйү болгондуктан аны таза кармашыбыз маанилүү,-деди облус казысы.

Ал эми мечиттин ачылышынын алкагында жалпы коноктор айыл тургундарын куттукташып,  демөөрчү Курманалиев Дамирге ыраазычылыктарын  билдиришти.