Баткен шаарындагы Муаз ибн Жабал медресесини студенттери коомдогу окуяларды сахналаштырып көрсөтүп, көрүүчүлөрдү жашытышты

Баткен шаарындагы Муаз ибн Жабал медресесиндеги студенттер арасында коомдогу орун алып жаткан көрүнүштөрдү сахна аркылуу көрсөтүү боюнча таймаш  өттү. Саамалык Пайгамбарыбыздын туулган айына карата уюштурулуп, анын алкагында студенттер 5 окуяны театракылуу көрсөтүп беришип, көпчүлүктүн пулуна арзышты.

Казыят кызматкерлери жана медресе мугалимдери студенттер тарабынан   сахналаштырылган  5 даярдалган таймашка  күбө болушту. Ал эми сынактын катышуучуларынын айрым окуялар боюнча аткарып берген чыгармалары көрүүчүлөргө  абдан  таасир  калтырып, айрымдарынын  көздөрүнө жаш келгендиги байкалып турду,-деди казыяттан маалымат бөлүмүнүн башчысы Авлиеев Фуркат.

Студенттердин чеберчилигин баалаган калыстар жарыштын  жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды жана баалуу белектерди  тапшырышып, окууларына ийгилик каалашты.