Асантур ажы Абдрахманов: Тарбияны үйдөн баштоо зарыл

Мындай пикирин Ак-Суу районунун баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов Теплоключенка айылындагы Мурат Калиев атындагы мектебинде  жергиликтүү бийлик  жетекчилери, ата-энелер, мугалимдер жана мектеп окуучуларына өткөрүлгөн жыйында билдирди. Аталган жыйында зордук-зомбулук, мектептеги талап- тоноочулук, суицид, ата-энени урматтоо маселелерин каралып, жалпы катышуучулар биргеликте иш алып барып, балдардын адеп-ахлагына, чөйөсүнө көңүл буруу керектигин билдиришти. Ал эми райондун баш имам хатиби “Келгиле адептүүлүк менен келечеке кадам таштайлы” темасында баянамасын жасап, бүгүнкү күндөгү жаштардын тарбиясы, жүрүм-турумуна маани берип, тарбияны үйдөн баштоо зарылдыгын баса белгиеди.

Жаштар ыймандуу болсо коомубуз ыймандуу болот эмеспи. Андыктан ар бирибиз балдарыбзга тарбияны үйдөн баштап, алардын билимине, эмнеге кызыга тургандыгына маани беришибиз керек,-деди райхатиб.