Талас мамлекеттик университетинин студенттерине эрте никеге туруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Талас мамлекеттик университетинин  студенттерине эрте никеге туруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Түшүндүрүү иш чарасына Талас облусунун мусулмандар казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков, Медер ажы Сагынбаев, Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн социалдык мониторинг жана  өнүгүү бөлүмүн жетектөөчү адиси Динара Дүйшекеева менен бирге университеттин мугалимдери катышышты.
Иш чара алкагында облус казысынын орун басары Жараткан Алла Тааладан берилген өмүрдү туура пайдалануу жана ага кыянаттык кылбоо туурасында баяндама жасап, студенттерге убакытты туура пайдалануу  боюнча кеп-кеңешин берди.

 Өмүр-бул мүнөттөрдөн, сааттардан, айлардан, жылдардан турат.  Бул өмүрдү жакшы өткөрүү үчүн  ар бир кылган ишибизге, ар бир кылган кадамыбызга маани беришибиз керек. Пайгамбарыбыздын САВ  бир хадисинде эң жакшы адам кайсы дегенде, «Кайсы бир адамдын өмүрү узун болуп, ошол өмүрүндө ал жакшы инсан болсо, жакшы иштерди кылган болсо, мына ошол адам эң жакшы адам» деген. Андыктан ар бир мүнөттү туура пайдаланып, китеп окуп, билимибизди ар тармактан тереңдетели,-деди облус казысынын орун басары.  

Ал эми Медер ажы  Сагынбаев эрте никеге туруу боюнча баяндамасын айтып, мыйзамга ылайык 18 жашка чыга элек жарандарга никеге тууруга болбой тургандыгын жана бул боюнча тараптар жоопкерчиликке тартылаарын билдирди.