Халмион айылындагы мектеп окуучуларына «Азиз жанды абайла» аталышындагы түшүндүрүү иш чарасы өттү

Баткен облусунун Халмион айыл аймагындагы  “Жошук”  орто мектебиндеги  окуучулардын ата-энелерине  мугалимдердин,  укук коргоо жана дин кызматкерлеринин катышуусунда  “Бала тарбиясы”,  “Азиз жанды абайла” аталышындагы  жыйын өткөрүлдү. Жыйында бала тарбиялоо жана коомдогу көйгөйлөрдү болдурбоо боюнча дин кызматкерлери  Куран аяттарынан, хадистерден жана  даанышмандардын асыл сөздөрүнүң негизинде баяндама жасашып, кандай гана көйгөй жаралбасын балдар менен түз сүйлөшүүгө барыш керектигин билдиришти. Ал эми жыйындын соңунда иш чара таасирдүү, пайдалуу болгондугун катышуучулар баса белигилешип, ыраазычылыктарын айтышты. Ошондой эле ушул сыяктуу иш чараларды көп уюштуруп турууну сунуштап, бул балдар үчүн керектигин баса белгилешти.