“Тойбосс” Ошто аз камсыз жарандарга Курман айттык 100 баштык таратты

Кечээ, 28-июнь күнү Ош облусу жана Ош шаарында “Тойбосс” адал азык компаниясы Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен биргеликте Курман айт иш-чарасын өткөрдү. Компания Курман айтка карата облустагы жана шаардагы муктаж жарандарга 100 даана айттык баштык тартуулады. Иш-чарага Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев, Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов баштаган казыяттар жамааты катышты.

“Биз исламдагы ыйык Курман айт күнү аз камсыз болгон жарандарга колдон келишинче майрамдык маанай тартуулайлы деп келебиз. Максатыбыз калкыбызга, өзгөчө калктын аярлуу катмарына айттык маанай жаратуу, айттын шаңын сездирүү, көңүлдөрүн көтөрүү болду. Кайрымдуулук жана майрамдык иш-чараны өткөрүүгө жардам көрсөткөн “Тойбосс” адал азык компаниясына ыраазычылык билдиребиз. Учурдан пайдаланып жалпы элибизди Курман айт майрамы менен куттуктайбыз”, – деди Муфтияттын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев.

Эскерте кетсек, “Тойбосс” компаниясы ислам дининдеги маанилүү даталарда жана орозодо ар кандай акцияларга колдоо көрсөтүп, муктаж жарандарга белектерди тартуулап келет.