Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Чүй облустук “Жаш майыптар коомунан” кабар алды

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Сокулук районундагы Чүй облустук “Жаш майыптар коомунан” кабар алып, Курман айт майрамы менен куттуктап акчалай жардам көрсөттү.

«Аллах Таала адам баласына түрдүү сыноолорду берип жаратат, мына ошол сыноолорго жакшы жооп берген адам Жаратуучунун алдындагы эң мыкты сыйлыктарга ээ болот. Аллах Тааланын өзүнүн сөзү болгон ыйык Куранда «Биз силерди коркунуч жана ачкачылык сыяктуу нерсе менен, ошондой эле мал-мүлкүңөрдү, жаныңарды, түшүмүңөрдү кемитүү аркылуу сынайбыз. Сабыр кылгандарга сүйүнүч кабарын бер» (Бакара сүрөсү, 155). Сиздерге Жараткан тарабынан сүйүнүч кабары берилип жатат, эч качан кабатыр болбоңуздар. Аллах Таала баарыбызга ийгилик, жакшылык берсин», – деп белгиледи облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.