Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу “Апиза эне” ислам институтунун сырттан окуу бөлүмүндө Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан бекитилген программанын негизинде 10 күндүк окуу курсу уюштурулуп, 72 студент билим алды.
Окуу курстун алкагында акыйда, фикх, араб тили, хадис, сарф, сиро боюнча атайын адистер сабак өтүп, институтта Ош облусунун мусулмандар казысы Сайдамир ажы Жейналиев баштаган тажрыйбалуу окутуучулар өз тажрыйбаларын бөлүштү. Муну менен катар КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков катышып, Кыргыз Республикасынын президентинин «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын жана «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» Жарлыкты түшүндүрүп, ысырапкерчиликке бөгөт коюу, тарыхый баалуулуктарды, мамлекеттик тилди иш жүзүнө ашыруу, экстремизм, терроризмдин жана радикализмдин алдын алуу, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган уюмдар, ар түрдүү диний агымдар, жамааттар тууралуу маалымат берип, этностор жана конфессиялык аралык ынтымакты бекемдөө менен ханафи мазхабын, матуриди акыйдасын жайылтуу, даңазалоо керектигин баса белгиледи.
Саамалык соңунда институттун ректору Абдирашит ажы Батыров жалпы студенттерге, ДИМКнын ТАБ башчысына ыраазычылык билдирип, сырттан окуу бөлүмүндө талыкпай эмгектенген, өзүнүн активдүүлүгүн, жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн мугалим катары иштеп жаткан облус казысы Сайдамир ажы Джейналиевге “Жылдын мыкты мугалими – 2023” номинациясын ыйгарды.
Эскерте кетсек, окуу курсу жергиликтүү тургундардын, имамдардын, медресенин бүтүрүүчүлөрүнүн кайрылуусунун алкагында уюштурулуп, институтта сырттан окуу бөлүмү ачылган.