Баткен шаарында социалдык дүкөн ачылды

Баткен шаарында шаар мэри Имамназар Бурханов жана Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусовдун катышуусунда муктаждарга жардам бере турган социалдык дүкөн ачылды.

Дүкөндү ачуу дүйнөнүн булуң-бурчуңунда жашап, эмгектенип жүргөн мекендештер тарабынан демилгеленген. Анда күндөлүк турмуш-тиричиликке керектелүүчү азык-түлүктөр муктаж жарандар үчүн таратылып берилет. Бүгүн да бир канча муктаж жарандарга акысыз азык-түлүк таратылганын казыяттан маалымдашты. Фуркат Авлиёевдин айтымында, дүкөн ай сайын керектелүүчү азыктар менен камсыздалып турат.

Белгилей кетсек, дүкөн Баткен облустук медиа борборунун имаратынын маңдайында жайгашкан.

Эгерде сиз да социалдык дүкөнгө азык-түлүк берип, кимдир бирөөгө жардам берүүнү кааласаңыз 0779025717 номерине байланышсаңыз болот.