Ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Самидин кары Атабаев ажылыктын жабылуу аземине катышты

2023-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы, Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев жана КМДБнын ажылык-умра жана эл аралык байланыш бөлүмүнүн адиси Дастан ажы Нукунов Мекке шаарында өткөн ажылыктын жабылуу аземине катышты. Уюштуруучулар Ажылыкты уюштурууда жана “Масар электроник” порталындагы алгылыктуу иштери үчүн Кыргызстан тарапка ыраазычылык билдирип, кийинки жылга ажылыкты алып баруу боюнча нускаманы жеринде тапшырды.

Аземдин алкагында Самидин кары Атабаев баштаган КМДБ өкүлдөрү САПтын Ажылык жана умра министри Тауфик ар-Рабия, Түркиянын дин иштери министри, проф., док. Али Эрбаш баштаган бир катар өлкөлөрдүн Муфтийлери жана ажылык боюнча жооптуулары менен пикир алышып, тажрыйба алмашуу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Белгилей кетсек, кыргызстандык ажылар 6-июлдан баштап Кыргызстанга кайтып келе башташат.