Азирети Муфтий баштаган аалымдар Сахалинде мекендештер менен жолугушту

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев жана КМБДнын Россия Федерациясынын Азия бөлүгү боюнча расмий өкүлү, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов Сахалин шаарындагы «Сити молл» залында эже-карындаштарга сабак өтүштү. Азирети Муфтий аялзатынын коомдогу орду туурасында сөз козгоп, «Бейиш эненин таман астында» деген хадистин алкагында баяндама жасады.

Ал эми Абдишүкүр ажы Нарматов «Бекем үй бүлө, күчтүү мамлекет» деген темада сүйлөп, үй-бүлө баалуулуктарына басым жасаса, Кыргызстан ислам университетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Шермухаммад ажы Ташматов «Сен жылмайсаң, аалам сага жылмаят» аттуу темада баян куруп, эже-карындаштарды жарык маанайда жашоого чакырды.

Сөз соңунда Кыргыз Элчилигинин Сахалин облусундагы консулу Гүлбарчын Байдылдаева аалымдарга ыраазычылыгын билдирди.