Сары-Ойдо жаңы мечит курулуп, пайдаланууга берилди

Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Ой айылында жаңы мечиттин ачылышы болуп өттү. Мечиттин ачылышына Учкун айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Эркин Өмүрзаков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Нарын районунун баш имам-хатиби Рустам Чыров жана айыл тургундары катышты.

Климаты катаал келген Нарын районуна салынган мечиттин ички, сырткы жылуулугуна, кынаптап кооз салынганына айыл тургундары жогорку баа беришкенин казыяттан кабарлашты. Мындан сырткары мечиттин сырткы короосу да тосулуп, документтери толук бүткөрүлүп айыл элине өткөрүлүп берилгени айтылды. 

Рустам Чыров мечитке демөөрчүлүк кылган Нурлан Токтобековго терең ыраазычылык билдирип, иштерине Жараткандан береке тиледи.