Нематулла ажы Жээнбеков Тогуз-Торонун акими менен жолугушуп, райондогу диний абалды талкуулады

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Тогуз-Торо районуна иш сапары менен барды. Сапардын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Манас Мураталиев менен жолугушуп, райондогу диний кырдаал, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты биргелешип ишке ашыруу, ысырапкерчиликти токтотуу, мечиттердин каттоосун тездетүү жана имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу жаатында пикир алышты.

Облус казысы жолугушуудан соң райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында айыл өкмөт башчылары жана аймактагы дин кызматкерлеринин катышуусунда өткөн жыйынга катышты.

Жыйында облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков мечиттерди эсептик каттоодон өткөрүү багытында Тогуз-Торо району артта калганын айтып, каттоо иштерин тездетүүдө жергиликтүү бийлик жакындан жардам берүүсүн өтүндү.

Жыйында Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими Манас Мураталиев мечиттерди каттоодо жергиликтүү бийлик жардам берерин айтып, айыл өкмөт башчылары менен тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди.

Иш-чара соңунда Жалал-Абад облустук мусулмандарынын казыятынын мечит жана курулуш иштери боюнча жоопту адиси Арпидин ажы Жороев райондун баш имам-хатиби Тынчтыкбек Болотбековго жергиликтүү бийлик менен жакындан кызматташып, каттоо иштерин тездетип бүткөрүүнү тапшырды.  

Эске салсак, Тогуз-Торо районунда бардыгы болуп 13 мечит бар болсо, алардын ичинен 7 синин каттоо иштери бүтө элек.