МЭЭРИМДҮҮ ЖАНА ЫРАЙЫМДУУ АЛЛАНЫН АТЫ МЕНЕН!
Урматтуу мусулман бир туугандар, мекендештерим!
Шарият матчествого кандай карайт?
Ар бир перзент тегин билүүгө укуктуу. Баланын ким төрөгөндүгү айдан ачык. Ал эми текти атага таандык кылуу муктаждыгы өтө зарыл. Ошондуктан Ислам дини баланын тегин атага таандык кылат.
Адам атадан баштап бүгүнкү күнгө чейин бардык адамзат урпагы, бардык мамлекеттерде уулга да, кызга да атасынын теги берилип келген.
Шарият адамдын акылын, намысын, мүлкүн, тегин, урпагын сактоону максат кылат.
Тектүүлүк адамзатты жакын туугандар менен билбестен үйлөнүп, улуттун генефондуна зыян келүүсүнөн, үй-бүлөдө балдардын майып төрөлүүсүнөн сактайт.
Динибиз ушул себептүү баланын атасы белгилүү болуусун жактайт. Ыйык Куран баланы өз атасынын аты менен чакырууну насаат кылат:
}ادْعُوهُمْ لِآبَائِهِمْ هُوَ أَقْسَطُ عِندَ اللَّه…{ (الأحزاب الآية: ۵)
“Аларды (балдарды) өз аталарынын аты менен чакыргыла. Ошол Алланын алдында адилеттүүрөөк…”
(Ахзаб сүрөсү, 5)
Пайгамбарыбыз (с.а.в.) кыямат күнү атанын ысымы менен чакырылары тууралуу кабар берген:
عن أبي الدرداء قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: «إنكم تدعون يوم القيامة بأسمائكم وأسماء آبائكم، فحسنوا أسماءكم«. (سنن أبي داود)
Абу Дардадан риваят: «Албетте силер кыямат күнү өз ысымыңар жана атаңардын аты менен чакырыласыңар. Ошондуктан жакшы ысым койгула».
Атасын билбегендер «жети атасын билбеген, жетесиз кул» деп катуу айыпталган. Кыргызда «тексиз кул» дегенден өткөн оор сөз болгон эмес. Улуттук каада-салтыбызда жети атасын билүү деген генеологиялык алтын эреже бар. Бул принцип аркылуу бала өзүнүн тегин таанып билет.
Бул өз кезегинде энени басынтуу деген маселе эмес! «Кыргызда кыздын аты улук» деп тегин жерден айтылбаган. Динибизде аялзатынын даражасы канчалык бийик экендиги айдан ачык.
Матчествого өтүү баланын психологиялык жактан травма алышына, коом тарабынан басмырланышына алып келет. Биз мусулман катары, жаран катары балдарыбызды аяп-кастарлап, ар кандай күмөндүү кыймылдарга салып берүүдөн сактанышыбыз керек. Мындай шойкомдуу аракеттер улут тамырына балта чаап коюшу толук мүмкүн.
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев