Баткен казыяты «Аруужан» ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктөргө кубаныч тартуулады

Баткен казыятынын аялдар бөлүмү “Аруужан” ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктөргө кубаныч тартуулады. Бул тууралуу казыяттын аялдар менен иштөө адиси Уулкан Дүйшеева билдирди. 

Анын айтымында, саамалык кондитер Айчүрөк Орозова, жеке ишкер Жазгүл Убайдулла кызы сыяктуу ар тараптан колдоого алган демөөрчүлөрдүн колдоосу менен уюштурулуп, бөбөктөргө жагымдуу маанай тартууланды.