“Ала-Тоо” Куран жаттоо медресесин Куранды толук жаттаган 7 хафиз аяктады

Чүй облусундагы Ысык-Ата районуна караштуу Кең-Булуң айылында жайгашкан “Ала-Тоо” Куран жаттоо медресеси 2022-2023-окуу жылын жыйынтыктап, ийгиликтүү аяктаган 7 хафизди өз уясынан учурду. Иш-чарага Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Данияр ажы Мурадилов, медресе мүдүрү Тумар Шерахунов баштаган медресе мугалимдери, айыл имамдары, ата-энелер, студенттер жана алыс-жакындан келген коноктор катышты.

Бүтүрүү аземинде Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Ала-Тоо медресесин ижаза менен бүтүргөн Мухаммад Жалил карынын өтө кылдаттык менен аудио форматында толук жазылган 30 пара тилаваты конокторго угузулду жана бул Куран аудиосу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына өткөрүп берилери айтылды.

Бүтүрүү кечесинде Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Данияр ажы Мурадилов жалпы бүтүрүүчүлөрдү кызуу куттуктап, акыл насаатын айтып, бүтүрүүчүлөргө албан-албан ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Ысык-Ата районун айыл имамдары, аксакалдары, медресенин мүдүрү, устаздары бүтүрүүчүлөргө ак батасын беришти.