Азирети Муфтий РФнын Владивосток шаарында чакан мечиттин ачылышына катышып, мечитте алгачкы жума хутбасын окуду

Бүгүн, 7-июль күнү Россия Федерациясынын Владивосток шаарында Эрнест Кубатовдун демөөрчүлүгү менен курулган чакан мечит ачылып, пайдаланууга берилди. Мечиттин ачылыш аземине Кыргызстан мусулмандарынын Азрети Муфтийи Замир кары Ракиев, КМДБнын Россия Федерациясынын Азия боюнча өкүлү, АК мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов катышты.

Азрети Муфтий мечит тарыхындагы алгачкы жума баянды өтүп, хутба окуду. Ал эми Абдишүкүр ажы куттуктоо сөзүн сүйлөп, элди ынтымакка чакырып, РФ мыйзамдарын сыйлоого чакырды.

Сөз соңунда Азирети Муфтий баштаган аалымдар демөөрчү Эрнест Кубатовго ыраазычылык билдирип, белектерин тапшырды.