Жалал-Абад шаарында адепти үйрөнүп, дуба жаттаган балдар сыйланды

Жалал-Абад шаарына караштуу Төш-Кутчу айылында жайгашкан “Курманбек” мечитинде уюштурулган жайкы бир айлык окуу лагери аяктады. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов билдирди. Анын айтымында, жайкы лагерде бардыгы болуп 100 бала окуп, алар бир ай ичинде адеп негиздери, ата-энени урматтоо, Мекенди сүйүү, Мекенге кызмат кылуу, бирөөгө жакшылык кылуу, улууну ураматтоо жөнүндө таалимдерди алып, зикир жана дубаларды жатташкан.

Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби лагер бүтүрүүчүлөрүн куттуктап, аларга окугандыгы тууралуу сертификат жана атайын белектерди тапшырды.