Араванда аз камсыз жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга сый тамак уюштурулду

Ош облусунун Араван районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон 120 жетим балага жылуу тамак уюштурулуп, белектер берилди. «Араван Хадия» фонду тарабынан кажыланган иш-чарага Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сыдыков жана көп жылдардан бери диний кызматты аркалап келе жаткан устаздар катышты.

Саамалыктын жүрүшүндө райондун баш имам-хатиби уюштуруучу фондго ыраазычылык билдирип, жакшылыктын сооптору жакшылык экендигин айтып төмөнкүлөргө токтолду:

«Пайгамбарыбыз өзүнүн осуятында: «Улууларды урматтабаган, жаштарга ырайым кылбаган бизден эмес», тагыраагы  «менин үммөтүм» эмес деп айткан. Ошондой эле башка хдисте: «Жетимдин башын салгандар бейиште мени менен момундай жакын  болот», – деп эки манжасын бириктирип, сахабаларга көрсөткөн. Бүгүн мына ушундай улуу соопторго жетүүгө мүмкүнчүлүк болуп турган учур. Жараткан кайрымдуулугуңуздарды кабыл кылсын».