Ош шаарына ажылардын алгачкы тобу келип конду

Бүгүн, 9-июль күнү таңкы саат 04:45 те Ош эл аралык аэропортуна 2023-жылкы ажылардын алгачкы тобу келип түштү. Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов баштаган казыят жамааты ажыларды жагымдуу маанайда тосуп алды.

Белгилей кетсек, зыяратчылар 6-июлдан тарта “Манас” эл аралык аэропортуна конуп келсе, бүгүндөн тарта Ош эл аралык аэропортуна келип түшө баштады. Кыргызстандык ажылардын эң акыркы тобу 15-июлда келери мерчемделген.