Куршаб айылынын имамына жергиликтүү жамаат токулуу ат мингизди

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айыл өкмөтүндөгү борбордук мечиттин имамы, көп жылдардан бери диний кызматты аркалап келе жаткан Мубарак ажы Маразыковго жергиликтүү тургундар ыраазычылык катары токулуу тулпар мингизишти.

Аталган саамалык кечээ, 15-июль күнү жума намазынан кийин өтүп, ага Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Калилидин ажы Исаков, Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров, имамдар жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Мечитибиздин имамы Мубарак ажы көп жылдардан бери ушул мечитте үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Мубарак дамла жүрүм-туруму менен өзгөчөлөнгөн инсан, бул киши баарыбыздын устазыбыз. Кандай гана маселе болбосун, биз ал киши менен кеңешип иш алып барабыз. Имамыбыз мындан ары да талыкпай эмгектене берет деп ишенебиз», – деп билдирди мечит жамаатынан Асанбай аксакал.

Ошондой эле аалымдарды сыйлоо, урпактан аалымдын чыгуусуна себеп экенин айтып, мечит имамынын ишмердүүлүгүн жогору баалаган райондун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров төмөнкүлөрдү айтып өттү:


«Устазыбыз Мубарак ажы дамланын динибизге, элибизге кандай үлкөн кызмат кылганын калайыктын ал кишини урматтап сыйлаганынан байкасак болот. Мубарак дамлабызда чыныгы аалымдык сапаттар бар болуп, улуу-кичүүгө карабай кичипейилдик, ачык мүнөз менен мамиле кылган имам. Диний башкармалыктан келген буйрук, тапшырмаларды кынтыксыз аткарып, башка дин кызматкерлерине үлгү болгон киши. Устазыбыздын белеги кут болсун».

Саамалыктын соңунда Калилидин ажы өлкө тынчтыгын, эл амандыгын, ынтымагын тилеп дуба кылып, аалым сыйлаган Өзгөн элине ыраазычылыгын билдирди.