«Ала-Тоо 2» кыздар медресесин 11 хафиза аяктап, атайын сертификаттарга ээ болду

Чүй облусундагы Ивановка айылында жайгашкан «Ала-Тоо 2» кыздар медресесинде бүтүрүү кечеси уюштурулду. Иш-чарага КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, медресе устаздары, бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери катышты.

Азирети Муфтийдин саламын жеткирген Равшан ажы бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап:

«Бүгүнкү куттуу мажлис, бүтүрүү кечеси маарек болсун. Бул жердеги бүтүрүү кечеси башка кечелерден өзгөчө. Курандын шарапаты, анын баа жеткис орду, аны жаттаган адамдын артыкчылыгы динибизде баса белгиленген. Ошол себептүү бүгүнкү кечебиз да баалуу деп эсептейм. Медресе жетекчилигине, устаздарга терең ыраазычылык билдирем. «Ала-Тоо» КМДБнын тутумундагы Куранды мыкты жаттаткан мекеме. Окуу жайдан чыккан улан-кыздар республикалык жана эл аралык аренага чыгып, бир нече жолу ийгиликтерге жетишкен. Дайыма ушул көрсөткүчтөн жазбай, өлкөдөгү алдыңкы ДОЖдордон болуп, жаштарыбызга ар убак Куран жаттатып, Куранга жана динибизге кызмат кыла бериңиздер», – деп билдирди.

Белгилей кетсек, быйылкы 2022-2023-окуу жылында «Ала-Тоо 2» кыздар медресесинен Куранды толук жаттаган 11 хафиза аяктады.