Абибилла ажы Кадырбердиев Баткен казыятынын эмгек жамаатына жыйын өткөрдү

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен казыятынын эмгек жамаатына жыйын өткөрдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов, казыят кызматкерлери, Баткен облусундагы шаар жана райондордун баш имам-хатибдери катышты.

Азирети Муфтийдин орун басары жыйында төмөнкү маселелерге токтолду:

— Мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү;

— Ханафи мазхабы, Матуриди акыйдасын коомчулукка туура жеткирүү;

— Намаз убактыларын так сактоо;

— Ынтымакты бекемдөө боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү;

— Аялдар менен иштөө;

— Ысырапкерчиликке жол бербөө;

— Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана башка мекемелер менен тыгыз кызматташуу;

— Дин кызматкерлеринин билимин жогорулатуу боюнча окууларды уюштуруу. 

Муну менен катар Абибилла ажы Кадырбердиев төмөнкүлөрдү билдирди: «Кызматтыбыз бизге берилген аманат. Кандай кырдаал болбосун милдетибизди так аткарып, четте карап турбай ислам динибиздин асыл баалулуктарын, адеп-ахлакты, шарият эрежелерин коомчулукка байма-бай жайылтып, коомду руханий жактан тарбиялоо иштерин жүргүзөлү». 

Ал эми КР ДИМКнын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов мамлекеттик эсептик каттоодон өтпөгөн мечиттерди каттоодон өткөрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу зарылдыгына токтолду.