Бишкекте дин кызматкерлерине эсептик каттоо маселеси боюнча кезексиз жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 18-июль күнү Бишкек шаарындагы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлүп, анда мечиттерди чукул арада эсептик каттоодон өткөрүү маселеси каралды. Жыйынга КР ДИМК директорунун орун басары Замир Кожомбердиев, аталган комиссиянын Экпертиза жана диний уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминов, Укуктук камсыздоо жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Манас Муратбеков, ошондой эле Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев, КМДБнын чарба-курулуш жана мечиттер бөлүмүнүн башчысы Асан ажы Бекматов, Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов баштаган дин кызматкерлери катышты.

Жыйналышта Асан ажы Бекматов өлкөдөгү каттоо боюнча маалымат берип буларга токтолду: “Урматтуу жыйын катышуучулары. Ушул жердеги баарыбыз Жаратканга, анын динине, анын үйү эсептелген мечитине кызмат кылабыз деп жүрөбүз. Мечиттер динди үйрөткөн куттуу жай. Ушундай мубарек жайды тез арада эсептик каттоодон өткөрүп, шаардыктарга, намазкандарга, конокторго, ал тургай келечек урпактарга шарт түзүп берели”.

Бекматов өз сөзүндө Бишкек шаарында мечиттерди каттоо жай жүрүп жатканын, буга бир катар олуттуу себептер бар экен кошумчалады.

Ал эми баш калаа казысы Шакир ажы Маматов мамлекеттик талап болгон каттоодон өткөрүүнүн оош-кыйышы, айрым тараптардын кемчилиги, кайдыгерлиги, процесстин жалпы өңүтү боюнча сөз кылып, комиссия өкүлдөрүн каттоо иштерин жүргүзүүгө жакындан жардам берүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, борбордо 70 мечит бар болсо, 42 си толугу менен каттоодон өткөн. Учурда каттоодон өтө элек 28 диний объектинин 9 унун документи даярдалып жатат. Ал эми 9 ун өткөрүүгө мүмкүн эмес болсо, 4 өө жаңы курулууда.