Абибилла ажы Кадырбердиев бир катар дин аалымдарына Муфтияттын атайын медалдарын тапшырды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында ислам дининин асыл баалуулуктарын жайылтууда кошкон эбегейсиз салымдары үчүн аймактагы дин аалымдарына КМДБнын атайын медалдарын тапшырды.

Аталган сыйлык Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын 12-июлдагы протоколдук чечимине ылайык, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругунун негизинде, Кыргыз элинин диний ынтымагын бекемдеп, мамлекетибиздин туруктуулугу, биримдиги жана өнүгүүсүнө кошкон зор салымы, ошондой эле ислам дининин асыл баалулуктарын коомчулуктун калың катмарына жеткирүүдөгү күжүрмөн эмгеги үчүн Ахунали ажы Курбанов Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын I даражадагы “ЫНТЫМАК” медалы менен сыйланды.

Ал эми Зиевиддин ажы Мажитовго Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын III даражадагы “НАСЫЙКАТ” медалы ыйгарылды.
Сыйлыкты тапшыруу аземинин соңунда Азирети Муфтийдин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев дин аалымдарына терең ыраазычылык билдирип, өзүнүн жана Кыргызстан мусулмандарынын атынан кызуу куттуктады.

Курбанов Ахунали ажы 1958-жылы 10-октябрда Баткен облусунун, Кадамжай районундагы Айдаркен шаарында төрөлгөн. Аталган шаардагы 30 жылдык тарыхы бар “Азирети Али” медресесин түптөгөн. Учурда Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу Өрүк-Зар айылына көчүп келип, устаты молдо Абдусаттар ажы негиздеген “Азирети Усман” атындагы медреседе эмгектенип келүүдө. Курбанов Ахунали ажы Борбордук Азиянын устаты делген Мавлавий Хиндустаний Мухаммаджан молдо Рустам уулунан, Молдо Абдусами карынын, Кыргызстандагы алгачкы Азирети Муфтий Мажитов Абдусаттар ажы жана белгилүү Молдо Шакир устаздардан сабак алып, бир топ жылардан бери өлкөбүздө ислам дининин бекемделишине салым кошуу менен бирге жүздөгөн шакирттерди тарбиялап келет. Анын шакирттери белгилүү дин аалымы катары жетилип чыгып, алды Муфтият, казыят жана хатибияттарда үзүрлүү эмгектенүүдө.

Ал эми Мажитов Зиевиддин ажы Кыргызстандын алгачкы муфтийлеринин бири Мажитов молдо Абдусаттар ажынын уулу жана Баткен облусунун Кадамжай районундагы белгилүү дин ишмерлеринен.