Баткендеги “Азирети Али” медресесинин 30 жылдык мааракеси жана бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу аземи болуп өттү

Баткен облусунун Кадамжай районундагы 1993-жылы окуу жылын баштаган “Азирети Али” медресесинин 30 жылдык маарекеси жана медресе бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорун тапшыруу аземи уюштурулду.

Диплом тапшыруу аземине Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев, Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү  жана белгилүү дин кызматкерлери, ошондой эле медресе студенттери жана ата-энелери катышты.

Иш-чара Куран окуу менен башталып, белгилүү төкмө акын Идирис Айитбаевдин алып баруусу менен устаттардын маанилүү  насааттары айтылды. Диплом тапшыруу учурунда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Абибилла ажы Кадырбердиев, облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров илимдин баалуулугу тууралуу аят, хадистерден айтып, бүтүрүүчү студенттерди коомдун диний сабаттуулугун көтөрүүгө, ислам баалуулуктарын жеткирүүгө, алган билимдерин татыктуу таратууга чакырды. Муну менен катар медресенин 30 жылдык мааракеси менен куттуктап, медресенин ишмердүүлүгүнө кошкон эмгеги үчүн кызмат кылган инсандарга атайын сыйлыктарды тапшырды.

Иш-чарага катышкан медресе студенттеринин ата-энелери балдарынын алган билим, тарбияларына ыраазылыгын билдирип, мугалимдерге алкыштарын айтышты. Ал эми сөзгө чыккан бүтүрүүчүлөр алган билимдерине амал кылуу менен башкаларга жеткирүү негизги милдети экенин билдиришти.

Белгилей кетсек, “Азирети Али” медресеси 1993-жылы белгилүү дин аалымы Ахунали ажы Курбанов тарабынан түптөлгөн. Бул жылы медресени 10 студент ийгиликтүү аяктап, алардын 5 и Куранды толук жаттаган кары болушту.