Президент Садыр Жапаров Меккеде кичи ажылык зыяратын аткарды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Сауд Арабия Падышалыгына болгон жумушчу сапарынын алкагында Мекке шаарында умра ибадатын орундатты.

Умра учурунда Садыр Жапаров өзгөчө урмат-сыйга ээ болуп, Ыйык Каабанын ичине кирип, намаз окуду.

Мамлекет башчысы Жараткандан өлкөбүзгө өсүп-өнүгүүнү, Кыргызстандын элине бак-дөөлөттүү, берекелүү турмушту тартуулашын тиледи.

Умра – кичи ажылык, Меккеге жана Ыйык мечитке баруу менен байланышкан, ажылык үчүн белгиленген айдан башка жылдын каалаган убагында жасалуучу зыярат.