Нуридин ажы Мамасабиров баштаган казыят кызматкерлери Лейлек хатибиятын зыярат кылды

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана Баткен казыятынын эмгек жамааты Лейлек райондук хатибиятын зыярат кылып, райондук диний башкармалыктын аткарып жаткан иштери боюнча маалымат алды.

Облус казысы зыярат алкагында хатибият жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтсак, ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча ырааттуу иш алып баруу, салттуу эмес багыттардын көз караштарынын жайылышына жол бербөө, мамлекеттик эсепттик каттоодон өтө элек мечиттерди тез арада документтерин бүтүрүү, аялдар жана жаш өспүрүмдөр менен иш алып баруу ж.б.

«Лейек райондук хатибияты активдүү иш алып барып жаткан хатибияттардын бири. Жеке мен Сеитбек ажы Полотовдун башында турган хатибияттын ишмердүүлүгүн баалайм. Бул хатибият муфтият жана казыяттан берилген буйрук-тапшырмаларды өз убагында аткарууга алуу менен бирге алгылыктуу иш-чараларды уюштуруп келет», – деди облус казысы Нуридин ажы.