Баткен казыятынын эмгек жамааты Сүлүктү шаарын кыдырып, калайыкка түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын эмгек жамааты атайын иш сапарынын алкагында Сүлүктү шаарына барып, борбордук мечиттерде шаар жашоочуларына туура диний түшүнүктөрдү калыптандыруу, тыюу салынган агымдардын азгырыктарына кирип кетпөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Аталган иш-чара элеттиктер менен дин кызматкерлеринин тыгыз байланышта болуусуна шарт түзүү максатында уюштурулган. Дин кызматкерлери эл менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө коомчулук арасындагы аш-тойлордогу жана маркумду акыркы сапарга узатуудагы ыксыз чыгымдарды токтотуу, үлпөт тойлорундагы ысырапкерчиликке жол бербөөгө чакыруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. 

Ошондой эле мазхаб жана акыйда темасына басым жасашып, ар түрдүү терс агымдарга азгырылбоого чакырып, диний билимди жана маалыматты Муфтияттын карамагындагы диний окуу жайлардан жана расмий мечит имамдарынан алуу керектигине басым жасашты. Аны менен катар атайын баяндарды жасашып, кайрымдуу болууга жана биримдикти сактоого үндөштү. 

Ал эми жергиликтүү тургундар коомдогу көйгөйлүү маселелердин шарияттык жол-жоболору боюнча суроолорун беришип, жооп алышты. 

Эскерте кетсек, мындай жолугушуулар жыл ичинде Баткен облусунун башка райондорунда да өткөрүлмөкчү.