Базар-Коргондо дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлүп, эл коопсуздугун биргелешип камсыз кылуу макулдашылды

Базар-Коргон райондук хатибияты райондогу тартип сакчылары менен биргеликте Президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 24-фералындагы №54 жарлыгын ишке ашыруу боюнча атайын иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу райондук хатибияттан Сүйүнбек ажы Даткаев билдирди. Анын айтымында, иш-чараны уюштуруу РИИБнин башчысынын милдетин аткаруучусу, милициянын капитаны Бактияр Мавлянкулов тарабынан демилгеленген.

Иш-чарага райондун баш имам-хатиби Абдулазиз кары Закиров, Базар-Коргон районунун прокурорунун орун басары А. Биялиев, район аймагынан келген 125 имам жана укук коргоо органынан өкүлдөр катышты. Саамалыкта райондун баш имам-хатиби Абдулазиз кары Закиров өлкө башчысынын №54 жарлыгынн алкагында түшүндүрүү иштерин алып баруу ар бир тараптын иши экенин билдирди.

Жыйын жүрүшүндө укук коргоо органдары тарабынан КР КЖКнын 175-беренесинде белгиленген диний-ырым жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндөгү мыйзамдардын бузулушуна жол берген айрымдар сот жообуна тартылып жаткандыгы эскертилип, дин өкүлдөрүнө мыйзам чегинде иштөө айтылды.

Иш-чара жыйынтыгында профилактика иштерин күчөтүү, ысырапкерчиликтин алдын алуу, район элинин коопсуздугун биргелешип камсыз кылуу макулдашылды.