Лейлек районунун баш имам-хатиби «Адеп» жайкы лагеринин жыйынтыктоочу иш-чарасына катышты

Кечээ, 24-июлда Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов Лейлек районунун Кулунду айылындагы маданият үйүндө райондогу жаш кыздардын диний сабаттуулугун жогорулатуу максатында «Таир» ислам медресесинде өткөрүлгөн жайкы «Адеп» лагеринин жыйынтыктоочу иш-чарасына катышты.

Аталган иш-чарага Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов, Лейлек райондук хатибиятынын катчысы Бахтияр Рахматиллаев, Кулунду жамаат мечитинин имамы Усманбек Багышев, лагердин уюштуруучуларынын атынан Султанмурат Абдираимов, «Таир» ислам медресесинин  мүдүрү Юсупбек Исмаилов, медресе мугалими Турдали Кошбаков жана устазалары катышты.

Саамалыкта Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов «Силердин эң жакшыңар – Куранды үйрөнгөн жана үйрөткөндөр» хадиси менен сөзүн баштап, жаш кыздарды тарбиялоодо диндин орду жөнүндө айтып, ушуну менен эле токтоп калбай, жаш кыздардын илим-билим жолун мындан кийин да улантуулары зарыл экендигин белгилеп, лагерди уюштурган устазаларга, окуган кыздардын ата-энелерине ыраазычылык билдирди.

Лагерде мыкты окуган жана активдүү катышкан окуучуларга уюштуруучулар тарабынан Алкыш баракчалар жана устазаларга Лейлек райондук хатибияты тарабынан ыраазычылык каттар тапшырылды.

Иш-чара Куран окуу менен коштолуп, акырында жаш кыздарга жаркын келечек, эл-журтка тынчтык тилөө менен аяктады

Эскерте кетсек, Кулунду айылында «Адеп» лагери аталышындагы жайкы диний лагерь эркек балдарга 8-9 жылдан бери, ал эми кыз балдарга акыркы 3 жылдан бери өткөрүлүп келе жатат.